• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош-Араван жолундагы автокырсыктан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Ош-Араван жолундагы автокырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук автоинспекциядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-январда саат 02:00 чамасында болгон. "Деу Матиздин" айдоочусу рулду башкара албай, машина жолдун четине чыгып, оодарылып кеткен.

Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бири, Араван районунун 22 жаштагы тургуну кырсык болгон жерден каза болгон.

Милиция тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий