• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта үй, гараж жана унаа толугу менен өрттөнгөн

Кырсык 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 147 чарчы метр болгон турак үй, гараж жана “Деу Матиз” үлгүсүндөгү жеңил унаа толук күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыналуусу болгон.

Пикир

Оставить комментарий