• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүндө өз өмүрүн кыюуга аракет кылган эркек киши куткарылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда өз өмүрүн кыюуга аракет кылган эркек киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Лебединовка айылынын Бөкөнбаев көчөсүндөгү көпүрөгө болжол менен 30-35 жаштагы эркек киши (аты-жөнү такталууда) чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Ал адам мас абалында болгону айтылат.

Жеринде 4 куткаруучу эркек адамды жерге түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий