• 88.68
  • 95
  • 0.95

Футболчу Сон Хын Мин Түштүк Кореяда төртүнчү ирет жылдын мыкты оюнчусу деп табылды

Спорт 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. "Тоттенхэм" клубунун чабуулчусу Сон Хын Мин Түштүк Кореяда төртүнчү ирет жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Футбол федерациясы билдиргенин Чемпионат басылмасы жазат.

Кореялык оюнчу жылдын мыкты оюнчусу деп 2013, 2014 жана 2017-жылдары аталган. Буга чейин Сон Азия чөлкөмүндө мыкты оюнчу деп да табылган.

Сон Хын Мин "Тоттенхэм" клубуна 2015-жылы өткөн. Быйылкы сезондо 27 жаштагы футболчу 15 оюнга катышып, 5 гол киргизген. Кореялык оюнчунун келишими 2023-жылга чейин түзүлгөн.


 

Пикир

Оставить комментарий