• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лицензия утуп алган Максим Гордеев кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. XXIV кышкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында лыжа спорту боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Максим Гордеев Россияда машыгууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Машыгуулар 12-декабрдан 24-декабрга чейин Магнитогорск шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Максим Гордеев 4-20-февраль күндөрү Пекин шаарында өтө турчу кышкы Олимп оюндарына жолдомо алган.

Пикир

Оставить комментарий