• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков ЖЭБ боюнча суракка чакырылды - УКМК

Кырсык 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. КРдин мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков УКМКга Бишкек ЖЭБ модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде чакыртылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Бүгүн Исаков өзүнүн фейсбуктагы баракчасына аны күбө катары УКМКга суракка чакырышкандыгы тууралуу жазган.

Эске сала кетсек, “Бишкек шаарынын ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын мурунку төрагасы А.Калиев, “Электр станциялары” ААКтын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов жана “Электр станциялары” ААКтын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Назаров кармалган.

Пикир

Оставить комментарий