• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 4, Бишкек шаары 1, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт катталды.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында жалпы аянты 138 чарчы метр шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры, үй буюмдары, үй ээлеринин өздүк документтери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат шаарында 2 чарчы метр дүкөндүн ички бөлмөсү, 2 стол жана 1 компьютер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий