• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто ВИЧ-инфекциясын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Ош, 26.04.18. /Кабар/. Кечээ, 25-апрелде Ош шаарынын мэриясында 2018-жылга ВИЧ-инфекциясын алдын алуу боюнча комплекстүү иш пландардын аткаруу боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, аймактык кеңештердин жооптуу кызматкерлери, ички иштер башкармалыгынын, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар камитетинин, паспорттук столунун, казыяттын, калкты эмгек менен камсыздандыруу башкармасынын, бей өкмөт уюмдарынын жетекчилери жана жооптуу адистери катышты.

Жыйынында Ош шаарында ВИЧ-инфекциянын эпидемиясынын таркалыш акыбалы, 2017-2018- жылдарга карата КР мамлекеттик прораммасын Ош шаарында ишке ашуруу жана аткаруу маселелери талкууланды.

Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы врачынын орун басары Айчүрөк Келдибекова, бөлүм башчы С.Ташболотов, Ош облустук наркология борборунун башкы дарыгер А.Садиевалар,Ош облустук тери венерологиялык борборунун башкы дарыгери билдирүү жасашты. Каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынып, тиешелүү кызматтарга, ведомстволорго, мекеме-ишканаларга жана бейөкмөт уюмдарга 2018 –жылга карата комплекстүү иш-планды аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

2018-ж.1-чейрегинде Ош шаарынын дарылоо-профилактикалык мекемелеринин медициналык кызматкерлеринин ВИЧ/ СПИД маселелери боюнча жана КР ССМнин №87,903,637,504 буйруктары боюнча медициналык кызматкерлердин билимин өркүндөтүү максатында 7 семинардык окутуу өткөрүлдү, ага 851 медициналык кызматкерлер катышышкан.

2018 жылдын 1-чейрегинде айлыгында Ош шаары боюнча ВИЧ- илдетине 30251 жаран текшерилген, ал эми 2017-жылдын 1-чейрегинде 21969 жаран текшерилген.

Пикир

Оставить комментарий