• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азиз Суракматов Өзбекстандын КРдагы элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Мэрияда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен ӨРнын борборлору ортосунда ар кандай тармактар боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушууга Бишкек мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Балбай Түлөбаев жана ӨРнын КРдагы элчисинин кеңешчиси Улугбек Абдуяминов катышты.

Пикир

Оставить комментарий