• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сентябрда бюджеттик чыгымдар 10 млрд. сомдон ашты – финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Сентябрда КР бюджеттик чыгымдары 10 млрд. сомдон ашты. Бул тууралуу КР финансы министрлигинен кабарлашты.

Борбордук казыналыктын 2018-жылдын 1-октябрына карата маалыматы боюнча, ушул жылдын сентябрында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 10 млрд 615 млн 306,3 миң сом суммасында ишке ашырылды. Анын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек акысына 1 млрд 505 млн 815,7 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 747 млн 26,5 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 4 млн 465 миң сом бөлүндү.

"Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча чыгымдар 923 млн 577,7 миң сомду түздү.

Мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 3 млрд 296 млн 124,1 миң сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий