• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 255,5 миллион сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын маалыматына караганда, 1-августка карата “Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби” бирдиктүү депозиттик эсебине 255 миллион 509 миң 77 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен:

- 63 миллион 362 миң 758 сом Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан;

- 132 миллион 611 миң 621 сом – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен;

- 59 миллион 326 миң 897 сом – Башкы прокуратурадан;

- 533 миң 100 сом Ички иштер министрлигинен түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий