• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй ОИИББнин кызматкери чөгүп кеткен милиционердин өлүмү үчүн жазаланды

Коом 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) полкунун командири чөгүп кеткен милиция кызматкеринин өлүмү үчүн жазаланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Улан Рысбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

“Чүй ОИИББнин бардык жетекчилери жазаланды. Сууга чөккөн милиция кызматкери эч кимден суранбай туруп Ысык-Көлгө кеткен экен. Устав боюнча рапорт жазууга милдеттүү эле”, - деди Рысбеков.

Эске сала кетсек, Чолпон-Атада патрулдук милиция кызматынын кызматкери, дзюдо боюнча спорт чебери сууга чөгүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий