• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азизбек Оморкулов: «РСК Банк» өзгөчө абал шартында ишмердүүлүгүн токтоткон жок

Экономика 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. «РСК Банк» ААК башкармалыгы өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Бир миңден ашуун банк кызматкери күн сайын калкты тейлеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, банктын 52 филиалы бар, 133 бөлүм иштейт, 236 банкомат, 1 миң 168 пост терминал жана 83 кэш-ин бар. Ошондой эле кошумча иштей турган 81 бөлүм ачылган.

«Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында банк өз ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Бир миңден ашуун банк кызматкери күн сайын калкты тейлеп жатат. Өзгөчө абал курчуган жерлерде мисалы, Сузак районунун Таран базарында, Курманбек айыл өкмөтүндө сберкассалар ачылган. Булар өзгөчө абал шартында гана иштейт, башкача айтканда, алар убактылуу гана орнотулган. Мындан сырткары, Ош облусунун Мады айыл өкмөтүндө дагы жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында сберкасса ачылды», - дейт ал.

Оморкулов кошумчалагандай, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо конушунда кошумча үч убактылуу сактык кассасы ачылды.

«Банк «Кыргызпочтасы» МИ менен биргеликте пенсия жана айлык акы берүү долбоору боюнча иштеп жатат, ал үчүн 614 айылда каражаттарды накталай алууга 209 терминал орноштурулган», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий