• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азырынча жылуулук тарифин жогорулатуу маселеси көтөрүлбөйт - Исаков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР өкмөт башчысы Сапар Исаков билдиргендей, тарифтерди жогорулатуу маселеси козголбойт, бул теманы талкуулаш керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдеги кырдаалды талкуулап жаткан учурда билдирди.

“Мага тарифтерди жогорулатпоо керектигин айтып жатышат. Чындыгында тарифтер бул абдан чоң көйгөй. Жылуулук жана электр энергиясын берүү маселесин талкуулаш керек. Мен жогорулатабыз деген жокмун, бирок чечүү керек”,-деп билдирди өкмөт башчы.

Министрлер кабинетинин жетекчиси Улуттук энергетика холдингинин карызы 100 млрд сомдон ашуун экендигин билдирди.

“Эгерде биз ушул эле нукта уланта берсек, карыз 200-300-млрд сомго чейин жетип кетиши мүмкүн. Мындай маселелер чыга берет. Электр станциялар иштен чыга баштайт. Ачык айтыш керек, каражат жетиштүү түрдө бөлүнбөйт”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий