• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ: 2018-жылдын эсебинен коллегиянын биринчи жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 31.01.18. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлигинде күн мурун министр Эрлан Абдылдаевдин төрагалыгы алдында жана КР өкмөт аппаратынын жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевдин, президенттин аппаратынын, өкмөттүн аппаратынын жана КР Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда КР ТИМнин 2018-жылдагы биринчи коллегиялык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган ведоствонун басма сөз кызматы билдирет.

Коллегияда КР Тышкы иштер министрлигинин 2017-жылдагы ишмердүүлүгү каралып, 2018-жылы министрлик аткара турган иштери жана негизги тапшырмалары талкууланды.

Жыйындын аягында тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий