• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн Кыргызстанда медицина кызматкерлери эс алышат

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-март күнү Кыргызстанда медицина кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болот.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана ооруканалар алты күндүк график менен иштегенине байланыштуу.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-март – Аялдардын эл аралык күнү дем алыш күнгө туура келгендиктен бүгүн, 9-март эс алуу күнү болмок. Бирок ал эс алуу күнү жыл башындагы эс алуу күндөрүнө жылдырылгандыктан бүгүн, 9-март иш күнү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий