• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн музыкант Жумалиевди колдоо үчүн кайрымдуулук концерти өтөт

Коом 0


Бишкек, 02.10.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. “Элес” легендарлуу тобунун солисти Аидин Жумалиевге колдоо көрсөтүү максатында бүгүн Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кайрымдуулук концерти өтөт.

Концерттин уюштуруучулары Assol коомдук фонду. Кайрымдуулук иш-чарада “Элес” тобу жана атамекендик ырчылар ырдашат.

Эске сала кетсек, мурда Молдокматова музыкантка жардам берүүсүн өтүнүп, КР президентине кат менен кайтылган соң, ага жарым миллион сом бөлүнгөн болчу.

Теле алып баруучунун айтуусуна караганда, тез арада операция жасоо үчүн дагы 17,5 миң АКШ долларын чогултуу керек. Жумалив боор оорусу менен жабыркап, учурда Стамбулдагы ооруканалардын биринде дарыланууда.

Кайрымдуулук концерти саат 18:00 башталат. Жардам берүүнү каалагандар үчүн эшик ачык.

Пикир

Оставить комментарий