• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жыл сайын 3 миңден 5 миңге чейин өрт болот – Мамэкотехинспекция

Коом 0


Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын 3 миңден 5 миңге чейин өрт болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Өрт көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын жетекчиси Таалайбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта май куюучу жайларды өрт каптаган учурлар көп каттала баштады. Мисалы, өлкөнүн түштүгүндөгү акыркы учурлар.

"Сиздер билгендей, ишкер субъекттерин текшерүүгө алуу учурда токтотулган. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен өлкө аймагындагы 900дөн ашык май куюучу жай аныкталып, алардын айрымдарына 300дөн ашык пункттан турган эскертүү берилген", - деди ал.

Ал белгилегендей, контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө 1 млн. 322 миң сомдон ашык өлчөмдө айыппул салынган. Учурда өлкө боюнча коопсуздук максатында май куюучу жайларды инвентаризация жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий