• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамэкотехинспекция 2018-жылы 9 млн сомго айып толтурган

Коом 0


Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы 2018-жылы 9 млн. сомго айып толтурган. Бул тууралуу ведомствонун экологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Максат Өмүров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр эрежелерди бузуу үчүн 1 миң 554 протокол толтурулуп, 9 млн. 379 миң сомго айып жазылган. Үстүбүздөгү жылдын 5 айынын ичинде 1 млн. 570 миң сомго протокол жазылган.

Максат Өмүров өлкөдөгү туристтик тармактын өнүгүүсүнө да токтолду. Анын айтуусу боюнча, Ысык-Көлдө 169 ден соолукту чыңдоочу мекеме иш жүргүзөт.

“Текшерүүгө салынган мораторийден улам биз аларды текшере албайбыз, ошондуктан аларды дайыма коопсуздук чараларын, экология жана башка эрежелерин сактоону эскертип турабыз”. – дейт жетекчи.

Пикир

Оставить комментарий