• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балдар жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчиси кызматынан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Балдар жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчиси Алексей Петрушевский кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

"Алексей Петрушевский Эмгек кодексинин 326-беренесинин 2-пунктуна жана 82-берененин 12-пунктуна ылайык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын чечими менен кызматынан бошотулду", - деп кабарланды.

Буга ылайык, эмгек келишими мөөнөтүнө карабастан жана себебин билдирбестен токтотулушу мүмкүн. Өз кезегинде мурдагы директорго мыйзамдын негизинде компенсация төлөнүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий