• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлүүдө!

Коом 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Эртең, 17-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 18-октябрда эртең менен, күндүз жана 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 19-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетиши ыктымал. 19-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Ош, Жалал- Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 6…11°, Ысык-Көл ойдуңундо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу болушу мүмкүн.

18-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 18-октябрдя эртең менен, күндүз жана 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 19-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

20-21-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 4-9 метрге жетет.

22-23-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий