• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРда майыптуулугу бар 100 адамга коляска берилет

Коом 0

Бишкек, 16.10.18 /Кабар/. Бишкекте 17-октябрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана чоңдорго атайын коляскалар берилет.

Кызматташтык жана өнүгүү боюнча түрк башкармалыгы жана Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомунун кызматташтыгы алдында кайрымдуулук акциясы башталган. Анын алкагында Кыргызстандын бардык облустарындагы майыптуулугу бар 100 адамга коляскалар таратылат. Андан тышкары кампаниянын алкагында церебралдык шал оорусунан, булчуң атрофиясынан жана башка неврологиялык оорулардан жабыркаган балдарга кызмат көрсөтүү үчүн 35 балдар жана өспүрүмдөр үчүн коляска берилет.

Аталган акция эки уюм тарабынан демилгеленген “Тоскоолдуксуз жашоо!” кампаниясынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал кампанияда майыптуулугу бар аялдар үчүн тигүү курстары, кары адамдарды комптютерде иштөөгө үйрөтүү бар.

Пикир

Оставить комментарий