• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын өкмөтү интернеттин баасын эки эсеге көтөрүүнү тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Тажикстандын өкмөтү интернеттин баасын дээрлик эки эсеге көтөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу currenttime.tv жазат.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы мобилдик операторлорду салыкты эсепке албаганда бир мегабайт трафикти 5 дирам жана 1 гигабайтты 50 сомониге (болжол менен 5,5 доллар) чейин көтөрүүнү талап кылган. Учурда 1 Гб интернет 30-35 сомони (болжол менен 3,7 доллар) турат.

Монополияга каршы кызматы тиешелүү буйрукка 4-мартта кол коюлуп, ал 27-мартта иштеп баштайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10 Гб мобилдик интернетти 1,5 долларга (100-120 сомго) алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий