• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арачылар 9 баш жылкыны кайтарууга жардам беришти

Коом 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын Ош облусу боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери Ноокат районунун тургунунун Өзбекстанга өтүп кеткен 9 баш жылкысын кайтарууга жардам беришти. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын февраль айынын аяктарында Ноокат районунун Асан Мамытов аттуу тургуну чек ара кызматына кайрылып, 9 баш жылкысын чек арага жакын жерде жоготуп алганын айткан. Ал билдиргендей, жылкылар 2018-жылдын ноябрь айынын этегинде жоголгон. Ошондо ал, тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылып, Кыргызстандын аймагында издөө иштери болгону менен жылкылар табылган эмес.

Арыздын негизинде кыргыз тарап Өзбекстандын чек арачылары менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Биргеликте жүргүзүлгөн иштердин аркасы менен өзбек чек арачылары табылган жылкыларды кыргыз тарапка өткөрүп беришкен.

Алар билдиргендей, ал аттар былтыр ноябрь айынын этегинде Өзбекстандын аймагында табылган. Малдын ээси аныкталбагандыктан, алар "Мархамад" чек ара постуна алынып келип, ошол жерде болгон.

Маматов жылкысын табып берген Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларына ыраазычылыгын билдирген.

Чек ара кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери жарандарга жардам берүү иштеринде тыгыз иштешип келет.

Пикир

Оставить комментарий