• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 556 үй-бүлө үйлүү болду

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Жыл башынан бери “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында 556 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылоого Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 1 млрд 347 млн сом жумшалган.

Ал эми турак жай программасын каржылоо башталгандан бери, тагыраак айканда, 2021-жылдын октябрь айынан бери өлкө боюнча 1 миң 288 үй-бүлө үйлүү болуп, бул максатка 2 млрд 914 млн сом акча каражат жумшалды.

Учурда ипотекалык компаниянын порталында 36 миң 378 онлайн кайрылуу катталып, анын 11 миң 461и бекитилген. 3 миң 703 кайрылуу банкта автоматташтырылган кезекте турат.

Пикир

Оставить комментарий