• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, документтер 2023-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат.

Сыйлыктар төмөнкү 11 номинациянын ар бири боюнча ыйгарылат:

  • “Адабият жаатындагы мыкты чыгарма”;
  • “Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма”;
  • “Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик”;
  • “Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)”;
  • “Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор”;
  • “Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы”;
  • “Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)”;
  • “Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш”;
  • “Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик”;
  • “Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик”;
  • “Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн”.

Талап кылынуучу документтер:

  • сунуштоочу кат;
  • чыгармачыл союздун башкармасынын чогулушунун протоколун;
  • кыскача өмүр баян (4x6 см 2 фотосүрөт);
  • чыгармачылык мүнөздөмө;
  • сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
  • иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясы;
  • паспорттун көчүрмөсү.

Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоосу керек.

Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат.

Дареги: Пушкин көчөсү 78, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатты министрлиги, 1-кабат, Жаштар саясаты башкармалыгы, байланыш телефондору 0(312) 66-09-52, 62-11-94.

Пикир

Оставить комментарий