• 88.68
  • 95
  • 0.95

Асман шаарынын курулушуна старт берүү. Миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздоодо

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында иш-чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан миңден ашык милиция кызматкерлери тартылды.

Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда.

Асман эко-шаардын курулушунун максаты заманбап экологиялык таза шаар куруу, туризмди өнүктүрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий