• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент 30-июнда Асман шаарынын курулушуна старт берет

Коом 0


Бишкек, 28.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман экошаарынын курулушуна старт берет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

Түз эфир 11:00дө башталат.


Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инверсторлор салат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирген.

Анда мамлекет башчысы шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашарын, аянты 4 миң гектарды түзөрүн айткан.

Пикир

Оставить комментарий