• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги №40 орто мектепке жаңы окуу корпусун куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Бишкектеги №40 орто мектепке жаңы окуу корпусун куруу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев №40 орто жалпы билим берүү мектебинде болуп, окуу жайдын абалын текшерип, билим берүү процессин жакшыртуу жолдорун жана мектептин чарбалык маселелери менен таанышты.

"Мектептин жалпы аймагы 1,63 га түзүп, жаңы окуу корпусуна кошумча курулуш кошууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө мектепке 500 окуучу орунга эсептелген улай курулуш курууну Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине киргизүү пландалууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, №40 орто мектептин долбоордук кубаттуулугу 520 окуучуга эсептелген. 2021-2022-окуу жылынын башталышына карата окуучулардын саны 1510 окуучуну түзгөн, ага байланыштуу окуу орундарынын жетишсиздиги маселе жаратат.

Мындан тышкары, райондун башчысы мектеп администрациясына аймакка жанаша санитардык тазалоону, күлдү чыгарууну, ошондой эле жооптуу кызматтарга жеткирилген көмүрдүн сапатын көзөмөлгө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий