• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Көпчүлүк түрмөлөрдө дары-дармек жок. Камактагылар буттарын шейшеп менен таңышат

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Көпчүлүк түрмөлөрдө дары каражаттары жок болгондуктан камактагылар жарааттарын шейшептер менен таңууга аргасыз. Бул тууралуу Бишкекте “Эркектердин түзөтүү колонияларындагы медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү мониторингдөөнүн жыйынтыктары” аталышында өтүп жаткан тегерек үстөлдүн жүрүшүндө дарыгер-эксперт Елена Халитова билдирди.

Анын айтымында, ал түзөтүү мекемелеринин биринде медициналык кароо жүргүзгөндө бутунда жарааты бар соттолгон бейтапты көргөн.

“Колонияда антибактериалдык май жок болчу. Ал чымындардан сактанып бутун шейшеп менен таңып алган экен. Аны № 47 колонияга которууга туура келди”, - деди дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий