• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

29-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл облусунда +18…+23, Нарын облусунда +21…+26, ал эми Бишкек шаарында +29…+31, Ош шаарында +32…+34 жана Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий