• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

ДССУ: Дүйнөнүн 21 өлкөсүндө балдар арасында белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатиттин 169 учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Дүйнөнүн 21 өлкөсүндө балдар арасында белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатиттин 169 учуру катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына таянып, Республикалык штабдан билдиришти.

Ал тууралуу эмнелер белгилүү?

- 12 өлкөдө 169 учур ( Улуу Британияда 114 , Испанияда 13 , Израилде 12, АКШда 9, Данияда 6, Ирландияда 5тен аз, Италияда 4, Нидерландда 4, Норвегияда 2, Францияда 2, Румынияда 1, Бельгияда 1 учур );

- 1 адам өлүмү катталган;

- ооруга чалдыккандардын жаш курагы 1 айлыктан 16 жашка чейин;

- бейтаптардын болжол менен 10% боорду алмаштыруу талап кылынган;

- A, B, C, E жана D тибиндеги гепатиттердин вирустары бул учурлардын биринде дагы аныкталган эмес;

- 74 учурда аденовирус табылган, 18 адамда молекулярдык тестирлөөдө F (41-тип) тобундагы аденовирус аныкталган.

- тест тапшыргандардын арасынан 20 учурда SARS-CoV-2 аныкталган;

- 19 адамда SARS-CoV-2 жана аденовирустун коинфекциясы аныкталган.

“Ооруну жуктуруунун алгачкы учурлары апрелдин башында катталган. 5-апрелге карата ДССУда борбордук Шотландияда он жаштан кенже курактагы балдар арасында аныкталган учурлар тууралуу маалымат болгон. 8-апрелде алардын саны бүткүл Улуу Британия боюнча 74кө жеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий