• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милициянын кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Бишкектин Жукеев-Пудовкин менен Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде 24-апрелде саат 23:00дөр чамасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы орун алды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, “Хонда Фит” менен “Тойота Каролла” – милиция кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгынан эки айдоочу тең жабыркаган. Айдоочулар ооруканага жеткирилген.

Унаалар айып аянтчысына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий