• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Түндүкэлектр» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорду калыбына келтирүүнү жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чегинде «Түндүкэлектр» ААКнын жогорку чыңалуу кызматы «Западная» жана «Издательство» көмөк чордондорунда калыбына келтирүү жана модернизациялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндө жайгашкан, «Западная» көмөк чордонунда, жогорку чыңалуу кызматынын адистери (КРУН) 10-6 кВ тышкы тибиндеги комплекттик бөлүштүрүүчү түзүлмөнү которуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Белгилеп кетсек, «Западная» көмөк чордону 1969-жылы ишке киргизилген, ошол мезгилден бери капиталдык калыбына келтирүүсүз иштеп келген.

Жүргүзүлгөн иш, Ош базарынын аймагында, Фучиктеги №1 клиникалык оорукананын, №2 төрөт үйүн, ошондой эле Кызыл-Аскер жана Рабочий городок турак жай райондорун электр энергия менен камсыздоо сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатканга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Издательство» көмөк чордонунда, адистер тарабынан 11 ячейка көлөмүндөгү боштуктуу (вакуумный) электр өчүргүчтөрү менен КРУН жана 35кВ боштуктуу электр өчүргүчтөр алмаштырылат. Аткарылган иштер мурун орнотулган кубаттуулугу 16000 кВА болгон күч трансформаторлорду толук колдонууга мүмкүнчүлүк жаратат. Эскерте кетсек, 1981-жылы, 2015чи жана 2017-жылдары ишке киргизилген «Издательство» көмөк чордонунда кубаттуулугу 16000 кВА болгон күч трансформаторлор орнотулган.

«Издательство» көмөк чордонундагы калыбына келтирүү иштери Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн электр энергия менен камсыздоо сапатын жогорулатканга мүмкүнчүлүк берет, электр тармактарын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, ошондой эле жаңыдан кошулган керектөөчүлөрдү кошуу үчүн бар болгон «Южная», «Центральная-4» жана «Центральная-2» көмөкчордондордун бөлүштүрүүчү тармактарын азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий