• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлерин эскеришти

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. КР ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлерин эскерүү боюнча иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ардагерлер, каза болгон аскер кызматкерлердин жакындары жана Ички аскерлердин Командачылыгынын өздүк курамы катышты.

Алгач иш-чара ИИМ Ички аскерлеринин Баатырлар аллеясына гүл коюу менен башталды. Андан кийин конокторго Ички аскерлердин каза болгон аскер кызматкерлерине арналган видеоролик тартууланды.

Каза болгон аскер кызматкерлерин эскерүү иш-чаралары КР ИИМдин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий