• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өтөт

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Маалымат жыйыны түз эфирде КТРК жана «Ала-Тоо 24» каналынан, ошондой эле аталган каналдардын You Tube жана Facebook баракчаларында көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий