• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда ЖМКларды каттоо эрежелери жеңилдетилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Өзбекстанда Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) каттоо үчүн Маалымат жана массалык коммуникация агенттигине түздөн-түз кайрылуу зарылдыгы жоюлду.

Мындан ары ЖМКлар мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору аркылуу каттоодон өтө алат.

Жаңы жобого ылайык, арыз ээси мамлекеттик кызмат көрөтүү борборлоруна же Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча бирдиктүү порталга (my.gov.uz) кайрылып, форманы толтуруп, редакциянын уставын (эгер редакция юридикалык жак болбосо) жана уюштуруу келишимин (эгер негиздөөчүлөр эки же андан көп киши болсо) тапшырышы керек.

Эгер арыз ээси үчүнчү жак болсо, табыштамага келишимдин электрондук көчүрмөсү тиркелет.

Агенттик ЖМКларды каттоо он беш күнгө созуларын билдирди. Мурда бул жол-жобону ишке ашырууга 30 күн талап кылынчу.

Пикир

Оставить комментарий