• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экономикалык дипломатия боюнча Консультативдик топ менен 2020-жылы өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүү багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.12.19./ Кабар/. 24-декабрда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында КР ТИМ алдындагы Консультативдик топтун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү боюнча агенттигинин, Экономика, Финансы, Айыл чарба, Туризм министрликтеринин, ошондой эле Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргызстандын бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгында болгон сапарлардын негизги жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Экономикалык кызматташууну бекемдөөнүн конкреттүү иш-аракеттерине жана мындан аркы келечегине, ошондой эле бизнес долбоорлорду даярдоого жана аларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консультативдик топтун 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылга карата өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий