• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Буунун башкы катчысынын жардамчысы жана БУУнун өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ боюнча аймактык директору Ивана Живкович иш сапары менен Кыргызстанга келди.

БУУӨПтөн билдиришкендей, анын иш сапарынын максаты Кыргызстандын жетекчилиги жана башка негизги кызыкдар тараптар менен консультацияларды өткөрүү, өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн чечимдерди тездетүү жана интеграциялоо үчүн БУУӨПтүн колдоосунун артыкчылыктуу багыттарына басым жасоо болуп саналат.

Ивана Живкович иш сапарынын жүрүшүндө мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Министрлер кабинетинин төрагасы, парламенттин вице-спикери жана тышкы иштер министри менен жолугушуусу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий