• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын аскер бөлүктөрүнө карантин киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Тажикстан Коргоо министрлиги бардык аскер бөлүктөрүнө карантин киргизип, жоокерлер менен туугандарынын жолугушуусуна тыюу салды.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бул чечим катардагы жана офицердик курамдын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынганын билдирди. Аскер бөлүктөрүндө массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды, ашкана жана казармалар дезинфекцияланууда.

Ошол эле маалда өлкөдө Куралдуу күчтөрдүн катарына кызмат өтөө үчүн аскерге чакыруу өнөктүгү 31-майга чейин уланат.

Тажикстанда армияга чакыруу жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Ар биринде аскердик милдет өтөөгө 18-27 жаштагы 16 миңге жакын жигит чакырылат. Ушул тапта план 95% аткарылды.

Тажикстанда 12-майга карата коронавирус жукуруп алган кишилердин саны 729ду түздү.

Пикир

Оставить комментарий