• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бүгүн "Зомбулуксуз мамиле куруу" темасында акысыз онлайн курс башталат

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Онлайн университети "Ганди Смрити жана Дархан Саммит" институту менен биргеликте 20-октябрда саат 16:00дө "Зомбулуксуз мамиле куруу" темасында 4 айлык акысыз онлайн курс баштайт. Бул тууралуу аталган курстун уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Программа англис тилинде өткөрүлүп, кыргызча котормосу менен болот жана курстун соңунда катышуучуларга сертификаттар берилет.

"Кыргызстандагы акыркы болуп өткөн окуялардан улам коомубузда зомбулуксуз мамиле куруунун канчалык маанилүү экендигине күбө болдук. Айрыкча, үй-бүлөдө зордук-зомбулук көбөйүүдө. Коомчулукта зомбулукту азайтуу жана жарандарды зомбулуксуз мамиле курууга үндөө максатында бул курсту уюштуруп жатабыз. Бул курс катышуучуларга күнүмдүк баарлашууда сөздүн жана тилдин маанилүүлүгүн түшүндүрүү менен зомбулуксуз мамиле курууну адатка айлантууга жардам берет. Зомбулуксуз мамиле куруу адамдардын жашоосу жана мамилеси өзгөрүү үчүн бири-бири менен эффективдүү баарлашууга жардам берет" - дейт Онлайн университетинин негиздөөчүсү Элира Турдубаева.

Курстун катышуучуларына "Ганди Смрити жана Дархан Саммит" институтунун программалык кызматкери Dr. Vedabhyas Kundu зомбулуксуз мамиле куруу боюнча маалыматтарды берет. Ал улуттук жана эл аралык деңгээлде зомбулуксуз мамиле куруу, тынчтык, конфликттерди чечүү, медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча бир катар иштерди алып барып, изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Индия жана башка өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда лекцияларды окуу менен биргеликте сот жана мамлекеттик кызматкерлерге, милицияларга, мугалимдерге, студенттерге жана өлкөнүн баардык жаштарына семинарларды өткөрүп, көптөгөн эксперттик эмгектердин автору.

Белгилей кетсек, "Ганди Смрити жана Дархан Саммит" институту дүйнө жүзүндөгү ар кандай университеттер менен бирге иш алып барып, түрдүү онлайн программаларды уюштуруп келет.

Тынчтыкты жактоонун 150-жылдыгына карата Махатма Ганди, Ганди Смрити жана Дархан Саммит институту "Зомбулуксуз мамиле куруу" боюнча акысыз онлайн курстарды уюштурушуп, ага Индиядан жана дүйнөнүн булуң-бурчунан 4500 катышуучу катышкан. Ошондой эле бул курсту Филиппин жана Шри-Ланканын университеттеринде уюштуруп жатышат.

Эске салсак, Онлайн университети платформасы билим берүү жана илим жаатында иш алып баруу менен бирге учурдун көйгөйлүү маселелерин талкууга алып, кыргызстандык жана чет өлкөлүк адистердин катышуусунда бир катар вебинарларды уюштуруп келет.

Пикир

Оставить комментарий