• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүнкүдөй абал улана турган болсо, анда ЖОЖдордун жатаканалары бейтаптарды жаткыруу үчүн колдонулат - премьер

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкүдөй абал улана турган болсо, анда жогорку окуу жайлардын жатаканалары бейтаптарды жаткыруу үчүн колдонулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, "Манас" аэропортунун жанындагы "Ганси" авиабазасынын аймагында 600 орундук даярдалды.

“Учурда ал жерде 224 бейтап жатат. Бүгүн 2 блокко жарандарды жайгаштыра баштадык. Дагы 6 блокту даярдап жатабыз. Бүгүнкүдөй абал улана турган болсо, ЖОЖдордун жатаканалары бейтаптарды кабыл ала баштайт. Медицина академиясынын жатаканасында 351 орундук, Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейдин жатаканасында 150 орун, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында дагы орундуктар даярдалды”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн коронавирус жуккан жаңы 526 учур катталып, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ге жетти. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий