• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке COVID-19 менен күрөшүү үчүн облустардан 100гө жакын дарыгер келет - премьер

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Бишкекке COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүүдө жардам берүү үчүн облустардан 100гө жакын дарыгер келет. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында КР премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлердин бүгүн жана эртең Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен жана Нарын облустарынан келүүсү пландалууда.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, кадр маселеси бүгүнкү күндө курч болуп тургандыгына байланыштуу, азыркы учурда медиктерди даярдоо боюнча кыска мөөнөттөгү окутуу курстары ишке ашырылууда. Бул иш-чара бир ай мурда башталган.

“Кайра даярдоодон өткөн 20 медицина кызматкери жаңы орундуктар даярдалган "Ганси" базасына жөнөтүлдү. Ошондой эле ЖОЖдордон ординаторлор, интерндер жана акыркы курстун студенттери тартылууда”, - деди Боронов.


 

Пикир

Оставить комментарий