• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүнкү күндө өлкөдө 60 миң тестирлөө реагенттери бар – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкөдө 60 миң тестирлөө реагенттери бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, экспресс-тесттер коронавирусту кыска убакытта аныктоого жардам берет.

"Кытайдын өкмөтүнөн Кыргызстанга 21 миң даана экспресс-тест келди. Алардын учурдагы саны 60 миңге жетет. Ал эми термометр жана тепловизор учурда жетишсиз болууда. Бирок эртең Кытайдан гуманитардык жардам келет. Анын ичинде медицина тармагына керектүү жабдыктар бар", - дейт министр.

Абдикаримов кошумчалагандай, Кытай жана башка өлкөдөн келген медициналык каражаттар текшерүүдөн өтүп, эгер сапаттуу болбосо таркатылбай кампада калат.

Белгилей кетсек, 3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы бейтап каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий