• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,5 млрд куб метрди түздү - Осмонбетов

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,5 млрд куб метрди түзүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

"10-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,1 млрд куб метрди түздү. Ал былтыркы жылдын ушул эле мезгилине караганда 2,4 млрд кубга аз. Бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,5 млрд куб метрди түзүүдө. Ал былтыркы жылдын ушул эле мезгилине караганда 2,3 млрд кубга аз - былтыр ал 16,8 млрд кубду түзгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий