• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бөрүбашов: Курултай демократиянын бир түрү жана элдик бийликтин маселесин чечет

Коом 0

Ушул жылы 15-августта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Элдик курултай чакыруу боюнча жарлыкка кол коюп, аны 2022-жылы 25-ноябрда өткөрүү белгиленген. КРнын эмгек сиңирген юристи Бекбосун Бөрүбашов курултай өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшүнө комментарий берип жатып, эл Жогорку Кеңеш өзүнүн милдеттерин аткарбай келгенине нааразы болуп, ошондуктан элдик бийлик маселеси узак убакыттан бери биринчи орунда турганын эске салды.

“Курултай жөнүндөгү маселе бүгүн эле чыга калган жок, ал 20 жылдан бери көтөрүлүп келген. Керек болсо 2010-жылдагы конституцияда курултай тууралуу жобо болгон. Бул маселелерди чечүү үчүн бизге Элдик курултай институтутун киргизүү сунушталды. Элдик курултай демократиянын бир түрү болуп саналат – бул өкүлчүлүктүү демократия. Ошондуктан биз КР Конституциясынын 4 беренесине Элдик курултай жөнүндө жобону киргиздик. Ал жерде Элдик курултай мамлекеттик орган эмес деп жазылган. Муну көпчүлүк чаташтырып, айрым депутаттар алардын ордуна Элдик курултай келет деп жатышат. Бул негизи туура эмес. Мен бул адамдарга 7-беренени, 76-беренени жакшылап окуп чыгууну кеңеш кылам. Курултай менен ЖК ар кандай функцияларды аткарат. Ошондуктан Элдик курултай эч качан Жогорку Кеңешти алмаштыра албайт”, - деди ал.

Анын айтымында, уюштуруу комитети бардык негизги документтерди иштеп чыкты, анда кимдер Элдик курултайдын делегаттары боло алары жана кимдер делегат боло албасы жазылган.

“Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү делегат боло алышпайт. Аларда делегат болуу укукгу жок. Жергиликтүү жамааттардын ичинен делегат тандалып, ал элдин атынан Элдик курултайга катышат. Делегаттарды жергиликтүү эл тандайт”, - деп түшүндүрдү Бөрүбашов.

Юрист курултайда көтөрүлүшү мүмкүн болгон маселелер жана көтөрүлгөн маселелерге болгон реакция боюнча учурда элдик Курултайдын күн тартибин, жыйында кандай маселелер көтөрүлөрүн чечүү керектигин түшүндүрдү.

Ал үчүн коомчулукту өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрү көтөрүлө турган жергиликтүү курултайларды өткөрүү зарыл.

“Бул саясий, экономикалык, социалдык, руханий, коопсуздук маселелери. Мунун бары биз талкуулай турган негизги маселелер. Курултайда миңге чукул делегаттар болот. Ар бир аймактарда көп көйгөйлөр бар, жол, мектеп, ичүүчү суу жана башка, албетте, аларды жалпылап, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселени көтөрүшүбүз керек. Азыр эң актуалдуусу Баткен окуясынан кийин коопсуздук маселеси”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий