• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Жыл башынан бери абактарда 29 өлүм катталган — ЖАК

Коом 0

Бишкек, 25.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери абактарда 29 өлүм катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков билдирди.

“Өлүмдөр боюнча, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 29 өлүм катталды. Алардын үчөө – киши өлтүрүү, бирөө – өлүмгө алып келген ден соолугуна залал келтирүү, калгандары ден соолугуна байланыштуу каза болгон. Ал эми 2021-жылы 34 өлүм катталган”, - дейт ал.

Садыков мындан сырткары, бүгүнкү күндө 349 жаран өмүр бою эркинен ажыратылып, камакта экенин кошумчалады.

“№2 мекемеде 224 аял кармалууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий