• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бабанов бийликти күч менен басып алууга аракеттенгени үчүн да айыпталууда

Коом 0

Бишкек, 29.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов тарабынан бийликти күч менен басып алуу аракети жасалган фактысы боюнча башка бир кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине УКМКдан билдиришти.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. “Буга байланыштуу бийликти күч менен басып алуу аракети жана массалык башаламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча өзүнчө кылмыш иши козголду”, - деп түшүндүрүштү УКМКдан.

Атайын кызматтан билдиришкендей, учурда Бабанов Кыргызстандын аймагынан тышкары жүрөт. Исаев камакка алынган.

Белгилей кетсек, Исаев Бабановдун тарапташы болуп туруп 2017-жылдагы президенттик шайлоодо атайын кызматтар тарабынан бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган.

Мындан тышкары, буга чейин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго жана башка жактарга карата “конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө көпчүлүктү чакыруу” жана “улуттук, расалык же диний касташууну козутуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2017-жылдын 28-сентябрында шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринин жүрүшүндө өлкө президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов Ош шаарынын өзбек улутундагы жарандар басымдуулук кылган “Амир Тимур” кичи районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөргөнү аныкталды. Көпчүлүктүн алдында сүйлөгөн сөзүндө талапкер алардын укугу бузулуп жатканын, өлкөдөгү улуттук теңсиздик жана аларга мамлекеттик органдар тарабынан басым көрсөтүлүшү тууралуу айтып, аларды бул жагдайга активдүү каршы чыгууга чакырган.

Ошентип, Бабанов бийликти күч менен басып алуу аракети жана улуттар аралык касташууну жаратууга айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий