• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакай-Ата конушундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу 80% бүткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Бишкектин Бакай-Ата конушундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу 80% бүткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө терезелерди жана эшиктерди орнотуу, имараттын профилин жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Белгилей кетсек, медициналык мекемеде медиктер үчүн амбулотордук, диспетчердик бөлмөлөр жана медикаменттер үчүн кампа, ошондой эле ординатордук бөлмө каралган.

Пикир

Оставить комментарий