• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Бакай Банктын» 22-эмиссиядагы акциялары жайгаштырылды

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. «Бакай Банктын» уставдык капиталы, жыйырма экинчи эмиссиядагы жөнөкөй энчилүү акцияларды кошумча чыгаруу жана аларды жеке жайгаштыруу жолу менен 2,7 миллиард сомго көбөйдү. Кошумча эмиссиянын андеррайтери «Сенти» финансылык компаниясы болду.

«Бакай Банк» ААКынын уставдык капиталынын көлөмү, жыйырма экинчи эмиссиядагы жөнөкөй энчилүү акциялардын 42,6 млн даана санда кошумча чыгарылып, бир акция 47 сомдон, жалпысынан 2 млрд сомдук суммага жайгаштырылуусу менен 2 млрд 698 млн сомго көбөйдү.

Акциялар 21-февралда «БТА Банктын» акционерлерине алардын «БТА Банкта» ээлик кылган акцияларына пропорционалдуу санда жеке түрдө жайгаштырылган. Эмиссиялардын көлөмү 42,5 млн акцияны түзүп, бир баалуу кагаздын номиналдуу наркы 47 сом болду.

«Бакай Банк» ААКынын баалуу кагаздарынын кошумча эмиссиясынын андеррайтери, баалуу кагаздарды чыгаруу жана Кыргызстандын ири ишканаларына жана уюмдарына жайгаштыруу боюнча мол тажрыйбасы бар «Сенти» финансылык компаниясы болду.

«Бакай Банк» — Кыргызстандын ири банктарынын бири, 20 жылдан ашык убакыттан бери бизнес жана жеке адамдар үчүн финансылык кызматтарды көрсөтүп келет. 2020-жылдын башында «БТА Банк» ЖАКын бириктирип алгандан кийин «Бакай Банк» уставдык капиталынын көлөмү жана филиалдык түйүндөрүнүн тармакташуусу боюнча өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп калды. Банктын 180 бөлүмү Кыргызстандын бардык аймактарында ыкчам жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү камсыздашууда. Лицензия КРУБ №43.

Пикир

Оставить комментарий